Бала бакчаларда жылуулук калыбына келтирилди

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийинки абал жөнгө салынды.

Бардык билим берүү мекемелеринде, атап айтканда, бала бакчаларда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө борбордо 90 мектепке чейинки билим берүү уюмдары (БББ) бар, алардын ичинен:

• Биринчи Май районунда 16 бала бакча бар, №5 мектепке чейинки билим берүү мекемесинен башкасынын бардыгында жылуулук калыбына келтирилди. Бул жерде электр энергиясы кеңири өчүрүлө электе эле жылытуу системасында авария болуп, оңдоо иштери жүрүп жатат;

• Ленин районунда 18 бала бакча бар. №22 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ички жылытуу системасындагы бузулуулардан улам убактылуу жабылды;

• Бишкек шаарындагы Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көрсөтмөсү боюнча убактылуу иштебеген №14 мектепке чейинки билим берүү мекемесин кошпогондо, Свердлов районунун аймагындагы бала бакчалар кадимки режимде иштейт;

• Октябрь районунда 38 бала бакча болсо, анын 36сы эртең таңга чейин керектүү температуралык режимди орнотуп, дароо балдарды кабыл ала баштайт. Бишкек шаарындагы Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын эпидемиологдорунун көрсөтмөсү менен No135 жана No148 бала бакчалар карантинге убактылуу жабылды.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бардык турак жай-коммуналдык чарба, тактап айтканда, «Бишкексвет», «Бишкекгорлифт», «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкексууканал» ЖКК муниципалдык ишканалары күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

26.01.2022