Эпидситуация в столице

2022-жылдын 19-январына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция жана пневмония боюнча жаңы катталгандардын саны 627 учурду түздү.

Бүгүнкү күндө дагы үч мектеп убактылуу онлайн окутууга жөнөтүлдү: №30, 17 жана 32.

Жалпысынан 16 мектеп убактылуу онлайн режиминде: Свердлов (4, 11, 12, 38, 67, 30, 32), Биринчи Май (6, 18, 29), Октябрь (17, 26, 88, 62, 60, 73).

Урматтуу жарандар! Борбор калаада оорулардын саны өсүүдө. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: беткап кийүү, колду антисептик менен дарылоо, аралыкты сактоо, жакшы, эң эффективдүүсү эмдөө. Ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз.

19.01.2022