Борбор калаада мектеп окуучуларынын олимпиадасынын районндук этабы өтүүдө

2022-жылдын 13-январынан 14-январына чейин Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын 17 предмет боюнча олимпиадасынын экинчи этабы өтүүдө.

Свердлов районунда №65 экологиялык-экономикалык лицейдин базасында, Биринчи Май районунда- №24 мектеп-гимназиясынын базасында окуучулар күч сынашууда. Ленинчилер №68 мекдеп-гимназияныц базасында, октябрчылар болса №64 жана №20 мекдеп-гимназияларда ез билимлерини көргөзүшүүдө.

Олимпиада жыл сайын бир нече этап менен өткөрүлөт. Быйыл ага 2293 окуучу катышууда.

Иш-чара Билим берүү бөлүмү тарабынан координацияланып, Райондук билим берүү борборлору боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, комиссиянын курамына борбор калаанын алдыңкы мугалимдери кирди.

Бишкек шаарынын мэриясы жалпы педагогикалык жамааттын атынан катышуучуларга ийгилик каалайт жана алдыга койгон максаттарына жетүүсүн каалайт.

Белгилей кетсек, иш-чаралар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен өтүп жатат.

13.01.2022