Балдар Жаңы жылды майрамдашат

2021-жылы 25 декабрьда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү.

Жаңы жылдык жомокко миңге жакын бала барышты. Алар «Таберик» балдар музыкалык театрынын «Сыйкырдуу Тумар» музыкалык спектаклин көрүштү.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева балдарды 2022-жаңы жылы менен куттуктап, бардыгына таттуу белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара жаңы жылдык концепциянын стилинде жасалды, аны муниципалитет Ала-Тоо аянтын, башкы балатыны, шаардын көчөлөрүн жана административдик имараттарды жасалгалоодо колдонгон.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды Жаңы жылы менен куттуктайт!

28.12.2021