21-февраль - Эл аралык эне тили күнүнө карата “Тил – достуктун ачкычы” аттуу изилдөө долбоорунун кароо-сынагы болуп өттү
2021-жылдын 19-февралында №3 орто мектебинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан “21-февраль - Эл аралык эне тили күнүнө” карата “Тил-достуктун ачкычы” аттуу окуучулардын изилдөө долбоорунун кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынакка райондон 1,2,3-орунду жеңген мектептин окуучулары катышышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Малекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ммалекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты.
Кароо-сынактын максаты: Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын ынтымагын арттыруу жана ар улуттун эне тилин даңазалоо, ар улуттун тарыхы, адабияты, маданиятынын улуулугун чагылдыруу, элдин үрп-адат, каада-салттары аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка, улуттардын биримдүүлүгүнө чакыруу.
Кароо-сынактын программасы, талаптары:
1. Саламдашуу (улуттун тилинде, улуттук форма менен);
2. Тарыхы, маданияты;
3. Балдарга байланыштуу каада-салттары, бешик ыры;
4. Тамак-ашы;
5. Өзгөчөлүгү;
6. Кыргыз эли менен окшоштугу, байланышы тууралуу кыргыз тилинде жактап беришет (жалпы даярдыгы менен бир долбоорго15-20 мин).
Кароо сынактын жыйынтыгы калыстар тобунун чечими менен чыгарылып, №49 орто мектеп баш байгеге, №90 орто мектеби 1-орунга, №9 жана 3 мектептер 2-орунга; №69, 38 3-орунга жана №25, 15,88 мектептер кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болушту.
Жеңүүчүлөр Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын грамотасы жана белектери менен сыйланат.
22.02.2021