Билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери БГУнун конокторуна белек тартуулашты

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектин улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесине материалдык жардам көрсөтүштү. Мекеменин коноктору үчүн 29 миң сомдук керектүү буюмдар сатылып алынды. Каражат профсоюздардын чегерүүлөрүнөн бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мэриясы ага баш ийген түзүмдөр менен биргеликте быйылкы жылы кайрымдуулуктун пайдасына жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган.

Жаңы жыл алдында шаардык мэриянын, шаардык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери жамааттык иш-чаралардын ордуна, борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик буюмдарын жана керектүү буюмдарды, тиричилик техникасын жана башка аксессуарларды сатып алышат.

13.12.2021