Көнүл айтабыз...

          2021-жылдын 21-ноябрында Октябрь районунун №37 мектеп-гимназиясында оор жоготуу болду: кесиптешибиз, жаркын инсан, англис тили мугалими Воронина Людмила Владимировна дүйнөдөн кайтты.

          Оор оору аны биздин жашообуздан аёосуз алып кетти. Ал ушунчалык жашоону сүйгөн эле! Людмила Владимировнанын дуйнөдөн кайткандыгы жөнүндөгү кайгылуу кабар анын окуучулары, кесиптештери, жакындары жана достору учун оор сокку болду.

          Терең билимдүү, жаркын мугалим Людмила Владимировнанын 28 жыл ичиндеги бүтүндөй эмгек ишмердиги билим берүү менен ажырагыс байланышта өтткөн. Алдыңкы мугалим жүздөгөн ыраазы болгон окуучуларга мыкты билим берип, көптөгөн олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдаган. Анын сабактары мектеп окуучулары үчүн ар дайым кызыктуу болгон.

          Адептүү, жөнөкөй жана боорукер, өзүнүн сүйүктүү ишине чексиз берилген, акылман мугалим, айланасындагылардын урмат-сыйына жана сүйүүсүнө ээ болгон. Людмила Владимировнанын үзүрлүү эмгеги шаардык билим берүү бөлүмүнүн көптөгөн Ардак грамоталары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттары менен бааланган.

          Людмила Владимировна өзүнүн окуучуларынын жүрөгүндө өзүнүн изин калтырды.

          Людмила Владимировна, биздин жаркын, кымбат адамыбыз биздин эсибизде таланттуу мугалим, ишенимдүү дос жана терең татыктуу адам катары сакталып кала берет.

          Билим берүү башкармалыгы борбор калаанын бардык мугалимдеринин атынан Людмила Владимировнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Мугалимдер өлбөйт.

Алардын жан дүйнөсү жашай берет!

Ошентип, шам эрип, эрийт

Бирок ал жаркырап токтобойт...

А эгер жарык өчүп калса,

Анан, үнөмдөөгө болбойт окшойт

Шакирттери шам жагып

Бирден... Ондогон шамдар!

26.11.2021