Ж.Абдрахмановдун мааракесине арналган илимий конференцияда Бишкектин мектеп окуучулары катышты

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган студенттик илимий-практикалык конференцияда №72 мектеп-гимназиясынын 9-10-11-класстарынын окуучулары баяндама жасашты.

Бул конференцияга катышууга арыз берген аталган гимназиянын мугалими Гүлнара Шокееванын активдүүлүгүнүн аркасында мүмкүн болду.

Маанилүү баяндамаларды даярдоо үчүн Гүлнара Жумалиевна окуучулары менен бирге муниципалдык аймактык башкармалыгынын тарых музейине барышты. Чоң-Арык жана Кыргыз Республикасынын Борбордук архивинда көрүп келишти. Балдарга кызыктуу даярдануу процесси жакты, бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө алып келди.

- 11-класстын окуучусу Макулбеков Абдирашид 1-даражадагы диплом менен сыйланды, «Жусуп Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген темада баяндама жасады;

- 11-Г классынын окуучусу Акылбеков Денизге сертификат ыйгарылды, ал «Ж.Абдрахмановдун убагындагы темир жолдору» темасында баяндама жасады;

- 11-класстын окуучусу Аламанова Алтынай күбөлүк менен сыйланып, «Ж.Абдрахманов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер» деген темада баяндама жасады;

- Ардак грамота менен МИ 11-классынын окуучусу Келсинбекова Айтегин «Ж.Абдрахманов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер» деген темада доклад жасады;

- «Жусуп Абдрахманов элчи» деген темада 9-класстын окуучусу Кадырбекова Медина сертификат менен сыйланды.

- 10-класстын окуучусу Искандарова Бүбүсара «Жусуп Абдрахмановдун учурундагы саясый аба» деген темада баяндама жасап, грамота менен сыйланды.

Балдарды ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.

24.11.2021