Жаш англис тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү

№14 орто мектептин базасында англис тили боюнча жаш мугалимдерге «Чет тили боюнча предметтик стандарт.  Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары» аталышта семинар өткөрүлдү.

Семинарды Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы өткөрдү.

80ден ашык жаш англис тили мугалимдери чет тили боюнча мамлекеттик предметтик стандарттын англис тили сабагында балдарды баалоо пункттары менен тааныштырылды.

Ошондой эле, болжолдуу сабакты пландоо сунушталып, жаш мугалимдердин балдар менен иштөөдө пайда болгон суроолору талкууланды.

Семинардын коногу – Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, Канададагы адам укуктары боюнча эл аралык тренингдин катышуучусу Шатманалиева Арзыкан Амановна өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Кантип ийгиликтүү адам болуу керек» деген темада өзүнүн презентациясын көрсөттү. Бул жаш адистердин эмгекке болгон мотивациясын жогорулатат.

Семинардын катышуучулары мектеп мугалиминин ченемдик укуктук документтери тууралуу маалымат алышты.

16.11.2021