№79 мектепте ачык асман алдындагы музей пайда болду

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата борбор калаадагы №79 мектептин аймагында ачык асман алдындагы чакан музей пайда болду.

Тарых мугалими Астра Мүсүралиеванын демилгеси менен Чүй облусунун Токмок шаарынан табылган Караханиддер дооруна таандык балбал мектептин короосуна орнотулду.

Иш-чара мектептин  окуучулары тарабынан даярдалган концерт менен коштолуп, анын алкагында улуттук оюндар, фольклордук спектаклдер, ошондой эле чыгаан тарыхый инсандардын өмүр жолунан театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.

Ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан «Мекенибиздин тарыхынын барактары» деген темада дубал гезиттердин кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты.

16.11.2021