Борбор калаабыздын англис тили мугалимдери усулдук окуудан өтүштү.

Шаардык билим берүү башкармалыгы Бишкек шаарындагы мектептердин англис тили мугалимдери үчүн "Инновациялык педагогикалык технологиялар балдарды чет тилдерин окутуунун эффективдүү шарты катары" деген темада методикалык окутуу өткөрдү.

Окутуу № 65 экологиялык -экономикалык лицейдин базасында өттү.Окутуунун максаты-педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу жана педагогикалык тажрыйба алмашуу.

Мугалимдер үчүн заманбап педагогиканын эң актуалдуу темалары боюнча практикалык тренингдер уюштурулду, ошондой эле ата мекендик жана эл аралык "ARCUS", Oxford EduPress, Macmillan жана Cambridge басмаканаларынын китеп көргөзмөлөрү уюштурулду.

Мугалимдер үчүн тренингдер  Oксфорд ЕдуПресс тил борборунун, Лингва Коомдук Фондунун  , Сапат" лицейинин, И.Р. Раззаков атындагы КМТУсунун  тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу тренерлери жана шаардын алдыңкы англис тили мугалимдери тарабынан өткөрүлүп, алар өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен алмашышты. 

Окуунун катышуучулары АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен жыл сайын өтүүчү окуу программалары жөнүндө маалымат алышты.

Конференциянын  аягында мектеп методикалык бирикмелеринин жетекчилери  англис тили боюнча жаш мугалимдер менен иштөөнүн перспективдүү планын тегерек столдо талкуулашты.

13.09.2021