Жемиштүү кыматташуу

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы “Англис тилин окутуу жаатындагы улуттук реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында Лингва – инновациялык билим берүү коомдук фонду менен биргеликте уюштурган тренингдерди шаарыбыздын 120 англис тили мугалимдери ийгиликтүү аякташып, тастыктоочу серификаттарга ээ болушту. Долбоордун негизинде курстун катышуучулары 8 - класстын окуучулары үчүн жаңы жазылган улуттук “Англис тили” окуу китептерин колдонуу жана чет - тилин коммуникативдик усулдар менен окутуу чеберилигин өстүрө алышты. Тренигдерди өткөрүү үчүн №8, 45, 65, 70, 71 жана №65 шаар мектептери класс кабинеттерди даярдап, мугалимдердин катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүштү. Кызматташтык алкагында шаар мектептеринин ресурстук борборлору үчүн Лингва Фонду англис тили боюнча усулдук колдонмолорду жана окуу китептерин тартуулады.

04.06.2021