Жаш интеллектуалдар үчүн смартфондор жана акылдуу сааттар тапшырылды

Бишкек шаарынын №69-мектептебинде “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу мектеп окуучуларынын илимий долбоорлору боюнча шаардык сынактын жабылышы өттү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана  борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева балдарды майрамы жана сынактын ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктады.

Конокторду мектептин короосунда комуз жана ооз комуз менен менен тосуп, №69-мектептин 75 окуучусу «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү хор менен айтып беришти, ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүнүн мыкты макеттерин көрө алдык.

2021-жылы мектеп окуучуларынын илимий долбоорлоруна сынактын шаардык этабы 24-майдан баштап 16 төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлдү: физика, астрономия жана космос технологиялары, химия жана химиялык технологиялар, биология, адамдын биоэкологиясы жана медицина, география, жаратылышты пайдалануу, экология жана туризм, экономика жана каржы, аппараттар, радиоаппаратура жана телекоммуникация тутумдары, энергия жана энергияны үнөмдөө технологиялары, маалыматтык технологиялар жана программалоо, робототехника жана автоматташтырылган технологиялар, адам биологиясы, математика, кыргыз филологиясы, орус филологиясы, тарых жана жергиликтүү тарых, инсандын Кыргызстандын тарыхындагы ролу, интеграция, коомдук илимдер жана философия.

Шаардык турдун жеңүүчүлөрү деп 60 окуучу табылды, анын ичинен 20 окуучу 1-орунду ээлешти, алар диплом жана экраны чоң смартфондор менен сыйланышты (Redmi 9A), 2-орунду - 20 окуучу ээлеп диплом жана акылдуу сааттар берилди (Xiaomi Haylou Solar LS05), 3-орун - 20 окучууга буюрду алар дипломдор жана зымсыз наушниктерди алышты (QCY T-T5 EU).

Майрамдык иш-чара 69-мектептин окуучуларынын концерти менен аяктады, анда коноктор “Түшүмдө” бийин, “Биз миллионбуз” ырын, заманбап “Мурас” бийин, чоор менен музыкалык композицияны жана коцерттин кульминациясы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактыбек Ыбыкеевдин аткаруусунда сүйүктүү шаарыбыз Бишкек жөнүндө “Бишкегим” ыры болду.

Сынак Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулду

03.06.2021