Бишкекте Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча шаардык конкурстар өткөрүлдү
Шаардык №81 мектептин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти «Каармандар сүйлөйт-2025» жана «Айтматов ааламы» аттуу шаардык конкурстарды өткөрдү. Иш-чарага райондордон тандалып келген жеңүүчүлөр катышып, өздөрүнүн изилдөө долбоорлорун жана сахналык чыгармаларын шаардык деңгээлде көрсөтүштү.
Конкурстардын максаты — окуучулардын изилдөө жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, чыгармачылык демилгелерди колдоо, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жарыяланган «Айтматов жумалыгынын» алкагында анын чыгармаларын кеңири жайылтуу. Катышуучулар терең илимий-изилдөө даярдыгын, сахналык образдарды чебер жаратуу жөндөмүн жана команда менен иштөө маданиятын көрсөтө алышты.
Калыстар тобунун курамына төмөнкү адистер кирди: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, режиссёр жана актёр Назым Мендебаиров, Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин жетекчи адиси Элмира Сатышова.
Калыстар катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, темалардын актуалдуулугун, көркөм чечимдердин мазмундуулугун жана Ч. Айтматовдун чыгармаларына көрсөткөн терең урмат-сыйын өзгөчө белгилешти.
«Айтматов ааламы» изилдөө долбоорлорунун жыйынтыгы:
-
I орун — №78 мектеп
-
II орун — №51 мектеп
-
III орун — №103 жана №79 мектептер
«Каармандар сүйлөйт-2025» сахналык коюлмаларынын жыйынтыгы:
-
I орун — №77 мектеп
-
II орун — №97 мектеп
-
III орун — №96 жана №78 мектептер
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери «Айтматов жумалыгынын» жыйынтыктоочу иш-чарасында Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышат.
Иш-чара жаш изилдөөчүлөрдү жана таланттуу окуучуларды аныктоодо, ошондой эле алардын чыгармачылык жана илимий-изилдөө кызыгуусун өнүктүрүүдө маанилүү аянтча болду.
12.12.2025




