Урматтуу жаш мугалимдер!

«Жаш мугалимдин депозитти» программасына катышууга каалоо билдирген жаш мугалимдер ушул жылдын 5-декабрына чейин райондордун Билим берүү бөлүмдөрүнө арыз тапшырып, дипломунун көчүрмөсүн жана мектеп директорунун ходатайствосун кошо бериши керек.

 

9-декабрда сынактын биринчи этабы — тестирлөө — өтөт, аны ийгиликтүү тапшыруу маанилүү.

 

11–12-декабрларда сынактын экинчи этабы — маектешүү — жүргүзүлөт.

 

Сынакка катышуу үчүн талапкерге коюлган негизги талап: ал 2025-жылкы ЖОЖдун бүтүрүүчүсү болушу зарыл.

 

Тандоо этаптарынан кийин болгону 100 катышуучу тандалып алынып, алар «Жаш мугалимдин депозитти» программасына катышканы үчүн болжол менен 90 миң сом алышат.

27.11.2025