Бишкек шаарындагы бала бакчалар: шарттары, акысы жана тамак-ашы

Бишкек шаарында муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемелери мектепке чейинки курактагы балдарды багууну, өнүктүрүүнү жана билим берүүнү камсыз кылат.

 

Белгиленген стандарттарга ылайык, ата-энелер ар бир баланын тамагына күнүнө 120 сом гана төлөшөт. Белгилей кетсек, башка чыгымдар толугу менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланат.

 

Тамак-аш үчүн чогултулган каражаттар балдарды санитардык жана жаш курагына ылайыктуу жогорку сапаттагы  тамак-аш  менен камсыз кылууга жумшалат.

 

Шаардын муниципалдык бала бакчалары балдардын жашоо шарттарын жакшыртууну, өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну улантууда.

27.11.2025