Борбор калаадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылды
Бүгүн 2025-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 30-майындагы №591/1 буйругунун негизинде өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, мектеп жетекчилерине документтерди тапшыруу учурунда коомдук тартипти камсыздоо, бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.
Эскерте кетсек, мектеп аймагында, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда кечки жана түнкү бүтүрүү иш-чараларын өткөрүүгө катуу тыюу салынган.
01.07.2025