«Наристе» V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында майрамдык концерт
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №100 мектепте «Рухий-Мурас» конушунун жашоочулары үчүн «Наристе» V Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын алкагында майрамдык концерт өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — балдардын чыгармачылыгына шарт түзүү, маданий мурасты жайылтуу жана алардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Салтанатка Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышышты.
Фестивалга ар улуттун таланттуу балдары катышып, өз маданиятын фольклордук номерлер аркылуу тааныштырышты. Бул маданий алака биримдиктин, достуктун ачык мисалы болду.
Концерттик программада элдик ырлар, улуттук бийлер, улуттук кийимдердин көргөзмөсү жана жандуу музыкалык чыгармалар тартууланды. Ар бир бала өз таланты менен сахнада жаркырап чыкты.
Иш-чара достукту жана ынтымакты даңазалаган жалпы ыр менен жыйынтыкталып, майрамдык маанай тартуулады. Бардык балдарга балмуздактар таратылды.
05.06.2025