Бишкек шаарындагы мектептерде колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча экологиялык акция аяктады!

Бишкек шаарынын мэриясы, "Сенин Зарядың" компаниясы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы жана борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган мектептер арасындагы экологиялык акция Бишкекте  15-апрелден 31-майга чейин өттү.

"Сенин Эко Зарядың" экологиялык акциясынын алкагында "Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын 64 мектебине колдонулган батарейкаларды чогултуу үчүн атайын челектерди орнотту. Окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер экологиялык акцияга  жигердүү  катышты.

Акция аяктагандан кийин бардык чогултулган  батарейкалар Билим берүү департаментинин, "Твой Заряд" компаниясынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда таразаланды.

Ошентип, 2025-жылдын 5-июнунда, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата эң көп батарейка чогулткан 3 мектеп жеңүүчү деп жарыяланат.
Бул мектептерге заманбап балдар аянтчалары же воркаут  курулат. Долбоорлор  өнөктөштөрдүн, о.э.  BRK GROUP, LEVEL CONSTRUCTION жана PARTNER GROUP курулуш компанияларынын колдоосу жана каржылоосунун аркасында ишке ашырылууда.

Чогултулган батарейкалар айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана келечек муундун ден соолугун сактоо үчүн туура иштетүүгө  берилет.

Бардык катышуучуларга, мектептерге жана өнөктөштөргө жалпы ишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биргелешип Бишкекти таза кылып, экологиялык маданиятты күчтөндүрөбүз!

05.06.2025