Кызматташтык жана элдердин достугу: Кореядан келген окуучулар Бишкекте
Бүгүн, 2025-жылдын 28-майында борбор калаадагы №62 мектепте Корея Республикасынан келген мектеп окуучуларын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.
Белгилей кетсек, борбор калаанын №2, 62, 66 мектептери менен Бишкектеги Корей борбору ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Бул документтин алкагында дос өлкөлөрдүн балдары экинчи жыл катары менен тил үйрөнүп, Корея менен Кыргызстандын маданияты менен таанышууда.
Ошентип, Корея Республикасынан 12 бала жана 3 мугалимден турган делегация 2025-жылдын 28-майынан 31-майына чейин Бишкекте болот.
Программанын алкагында музейлерге баруу, улуттук тамак-аш, маданият менен таанышуу, кийиз, мончок жана башкалар боюнча түрдүү мастер-класстар өткөрүлөт.
Эң кызыгы Кореядан келген балдар борбордон келген окуучулардын үй-бүлөсүндө бир күн эс алып, жылуу үй шартында бири-бирин жакындан таанып, достошот.
28.05.2025