Бишкекте олимпиаданын жана илимий долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
2025-жылдын 27-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү Департаменти "Таберик" балдар театрынын базасында олимпиаданын жана изилдөө долбоорлорунун сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору жана окуучулар катышты.
Эскерте кетсек, мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасына борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 162 окуучусу катышкан.
Шаардык олимпиаданын жана илимий долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларынын назарына концерттик программа тартууланды.
28.05.2025