Укук бузуулардын алдын алуу боюнча жолугушуулар: балдардын коопсуздугун камсыз кылуу
Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын ата-энелери менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча жолугушуулар уланууда. Бүгүн, 15-Май, 2025-жылы Таберик залынын базасында иш-чарага Свердлов районунун ата-энелер коомчулугу чакырылган. Мындай иш-чаралар жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, мушташтардын, зомбулуктун жана баңгиликтин алдын алууга, ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган. Мэриянын орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрү, ИИМдин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышышты. Бул жолугушуулардын максаты жаш муундарда эрте куракта укуктук, социалдык билимдерди калыптандыруу, ошондой эле ата-энелер үчүн маалымат аянтчасын түзүү болуп саналат. Белгилей кетсек, иш-чаралар бекитилген графикке ылайык улантылат. Кийинки жолугушуу Бишкек шаарынын Ленин районунун ата-энелер коомчулугу менен пландаштырылууда.
16.05.2025