Борбор калаада мектеп окуучулары үчүн Республикалык (шаардык) олимпиаданын үчүнчү этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучулары үчүн Республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Олимпиадага 235 мектеп окуучусу катышты, борбор калаанын мектептеринин 87 окуучусу шаардык олимпиаданын байге ээлери болушту, анын ичинде: 34 окуучу 1-орунга; 2-орун - 28 окуучу; 3-орун - 28 окуучу.

1-орунга вице-мэр грамота жана смартфондорду, экинчи орунга грамота жана акылдуу сааттар, үчүнчү орунга  грамота жана наушниктерди тапшырды.

Санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен сыйлык берүү Таберик концерт залында өттү.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жеңүүчүлөрдү сыйлоо эки этапта өткөрүлдү.

21.05.2021