Бишкектик жаш бийчилер "Бала Шабыт" сынагынын гран– присин жеңип алышты

Казакстандын Алматы шаарында "Бала Шабыты" эл аралык сынагы өтүп, ал таланттуу балдар жана жаштар үчүн маанилүү окуя болду. Сынактын алкагында "Бала Шабыты" титандарынын салгылашы өттү. Бул сынакта ГРАН-ПРИ номинациясында 3 жаштан 6 жашка чейинки курак категориясы "Африка" эстрадалык бийи үчүн «Наеля Dance» бий тобуна ыйгарылды. Белгилей кетсек, топ Бишкек шаарынын Ленин районунун № 21 «Бөбөктай» МЧББсынын атынан чыккан. Топтун жетекчиси-музыка мугалими Иманкулова Наргизи Жолдубековна.

29.04.2025