Борбор калаада ок атуу боюнча билим берүү уюмдары арасында биринчи спартакиада өттү

2025-жылдын 28-апрелинде КР ОСТО республикалык спорттук-аткычтар клубунун тиринде аз калибрлүү ТОЗ-8 мылтыктан атуу боюнча Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында биринчи спартакиада болуп өттү.

Буга чейин райондордон тандоо турлары өтүп, жеңүүчүлөр шаардык этапка катышкан. Спартакиаданын салтанаттуу ачылышына шаардык мэриянын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, запастагы полковник Арбаев Кеңеш Асанович, Куралдуу Күчтөрдүн ардагери, учурда КР ОСТО БС бөлүмүнүн башчысы, КР КМ КМУнун аскерге чакырууга чейинки даярдоо бөлүмүнүн башчысы подполковник Урманбетов Улан Асанович катышып, куттуктоо сөздөрү менен сөз сүйлөштү. Атышуунун жыйынтыгында 28 финалисттин ичинен байгелүү орундар бөлүштүрүлдү: биринчи орунду №14 мектебинин окуучусу Райымбеков Элдар, экинчи орунду №80 мектептин окуучусу Кадыржанов Нурэл жана атышуудан кийин үчүнчү орунду №7 мектептин окуучусу Акылбекова Асема ээледи. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор, эстелик медалы, Кубок, "Раритет" китеп дүкөнүнө сертификат, фирмалык рюкзактар жана кепкалар, биринчи орун үчүн 20 миң сом, экинчи орун үчүн 15 миң сом жана үчүнчү орун үчүн 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Белгилей кетсек, байге фонду аталган иш-чаранын демөөрчүлөрү тарабынан түзүлгөн.

29.04.2025