Бишкек шаарынын ички иштер министрлигинин Ачык эшик күнүнө борбор калаадагы мектептердин окуучулары катышты
Бүгүн, 23-Апрель, 2025-жылы 130 мектеп окуучусу директордун тарбия иштери боюнча орун басарынын жана ЖЖӨИ инспекторунун коштоосунда Бишкек шаарынын ИИМинин Ачык эшиктер күнүнө барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар атайын үйрөтүлгөн иттердин тизилишин, машыгууларын көрүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча видеороликти көрүштү. Ошондой эле экскурсия учурунда мектеп окуучуларына Мыйзамды жана тартипти сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Белгилей кетсек, ачык эшиктер күнү мектеп окуучулары үчүн милиция кызматкерлеринин кесиби жана алардын коопсуз коомду түзүүгө өз салымын кошо ала тургандыгы тууралуу көбүрөөк билүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болду.
24.04.2025