Акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата иш-чара өттү

№40 орто мектебинде кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий-поэтикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты-акындын чыгармачылыгын, анын поэзиясынын элибиздин турмушундагы жана жүрөгүндөгү маанисин изилдөө, ошондой эле жаштарды патриоттук духта, тарых жана адабиятты сүйүүгө тарбиялоо.

Иш-чарага Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын Мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Чолпон Тургунбек кызы, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышты.

Мындан тышкары, мектепте сабактар боюнча көргөзмө уюштурган жаш адистердин декадасынын ачылышы болуп, иш-чаранын конокторун комузчулардын коштоосунда тосуп алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар акындын ырларын окуп, анын котормолорунан чакан сценкаларды аткарып, обондуу ырлар жаңырды.

Бул иш-чаранын өзгөчө бөлүгү мектептеги ийрим иштеринин көргөзмөсү болду, анда катышуучу өз тандоосу боюнча кичи мастер-класска катыша алды.

21.04.2025