Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге кооптуу оюндардын кесепети тууралуу балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү эскертет.

Акыркы убакта балдар кычкылтекке жетүүнү кечеңдетүү же бири-бирин муунтуу менен байланышкан кооптуу оюндарга берилип кеткен учурлар көбөйдү. Борбордук мектептердин администрациясы жана педагогдору тарабынан коркунучтар жана кесепеттер жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, бирок ата-энелер биринчи кезектеги тарбиячылар болуп саналат жана жалпы билим берүү мекемелеринин аймагында да, андан тышкары жерлерде да балдардын жүрүм-турумуна кескин таасир этиши мүмкүн. Балдарга мындай аракеттер өтө кооптуу жана кабыл алынгыс болушу мүмкүн экендигин түшүндүрүү керек. Ден-соолук жана коопсуздук ар дайым биринчи орунда турушу керектигин түшүнүшү маанилүү. Ошондой эле балдар менен убакытты коопсуз жана кызыктуу өткөрүүнүн альтернативдүү жолдорун талкуулоону сунуштайбыз. Ачык диалогду сактап, алардын хоббилерине көңүл буруңуз. Бул маанилүү маселеде түшүнгөнүңүз жана кызматташканыңыз үчүн алдын ала рахмат! Урматтоо менен, мэриянын Билим берүү департаменти.

16.04.2025