№ 47 мектебинин окуучулары хореографиялык искусство конкурсунда биринчи орунду алышты
Бишкек шаарындагы Ленин атындагы Маданият үйүндө “Баары бийлейт!” хореографиялык искусство эл аралык конкурсу өтүп, ага 35 команда катышты.
Мектептин хореографиялык ийримин жетектеген Карыбекова Айгеримдин жетекчилиги менен №47 мектептен 30 кыз катышып, 1-орунга ээ болушту.
Белгилей кетсек, конкурска катышуу үчүн бардык курактагы чыгармачыл топтор чакырылган.
15.04.2025