Борбор калаада робототехника боюнча тандоо сынагы өттү
Бишкек шаарында "Келечектин инженерлери", "Робототехника лабораториясы" жана Регионалдык ресурстук борборлор менен өнөктөштүк келишиминин алкагында робототехника боюнча тандоо сынагы өткөрүлдү.
Мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева ачып берди.
Сынак балдардын интеллектуалдык, чыгармачыл жана инженердик потенциалын ачууга багытталган, мектеп окуучуларынын робототехника жана сенсорика тармагындагы техникалык долбоорлоого жана программалоого мотивациясын жогорулатууга багытталган.
Тандоо сынагына 42 катышуучу, 12 команда катышты. Беш команда төмөнкү номинациялар боюнча ат салышты: "ЛИГА" робототехника боюнча эл аралык билим берүүчү STEM сынактары, "Алга, робот!" робототехника боюнча жаңыдан баштагандар үчүн жети команда, анын ичинен төрт команда орто тайпада, үчөө кенже тайпада.
2025-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин Россия Федерациясында Сахалин шаарында өтө турган «Робототехника боюнча Эл аралык улуттук чемпионат – Сахалин 6.0» мелдешине №24 мектептин «Бобер Нова» командасы катышууга квота алды.
Белгилей кетсек, №24-мектепте билим берүүнүн артыкчылыктуу багыты катары окуучулардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү жана аларды илимий-изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүккө тартуу болуп саналат.
18.03.2025