Борбор калаада мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасы башталды
Бишкек шаарында 2025-жылдын 13-14-март күндөрү жалпы билим берүү предметтери боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өткөрүлөт.
Олимпиаданын негизги милдеттери окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүгү жана кызыгуусу жогору окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат. Быйылкы жылы олимпиада И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында математика, физика, химия предметтери боюнча, №67 мектептин базасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери боюнча өтүүдө.
2025-жылдагы мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасына борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 162 окуучусу катышып, алар олимпиаданын райондук этабында биринчи жана экинчи орунду ээлешти.
Шаардык олимпиаданын 1, 2-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү республикалык этапка катышат.
14.03.2025