Борбор калаада "Балдарды коргоо: буллингге жана рэкетчиликке каршы биргелешкен аракеттер" темасында тегерек стол өткөрүлдү

Бишкек шаарында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын, КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ж. б. катышуусунда "Балдарды коргоо: буллинг жана рэкетчиликке каршы биргелешкен аракеттер" темасында тегерек стол өттү.

Билим берүү департаментинин директору Бишкектеги мектептерде камераларды орнотуу боюнча учурдагы кырдаал, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ченемдик-укуктук актыларды ишке ашыруу жана буллинг менен рэкетчиликти алдын алуу боюнча иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Тегерек столдун катышуучулары жалпы билим берүү мекемелериндеги терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча кыйла таасирдүү чараларды талкуулашты.

Жашы жете элек балдардын укук бузуулары менен байланышкан конкреттүү фактылар жана бул жагдайда ата-энелердин маанилүү ролу каралды.

Көйгөйдү чечүүгө комплекстүү мамиле жасоонун, анын ичинде балдарды тарбиялоодо ата-энелердин толук кандуу катышуусунун жана жоопкерчилигинин зарылдыгы белгиленди.

Иш-чарада психолог Ольга Шарапова чыгып сүйлөдү, ал мисал аркылуу бейбаштыктын пайда болушунун себебин, ошондой эле агрессорлордун жана курмандыктардын ролун айтып берди.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча мектептин социалдык-психологиялык кызматынын конкреттүү окуучуларга багытталган иш-чараларды уюштуруу, социалдык маанилүү сапаттарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү, мектептеги рэкетчилик учурларында жетекчилердин, педагогдордун, окуучулардын өздөрү тарабынан конкреттүү иш-аракеттерди түшүнүү боюнча иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жашы жете электер менен иштөө инспекторлорун дайындоодогу талаптарды жана алардын иш графигин кайра карап чыгуу сунушталды.

03.03.2025