Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган буюмдардан, анын ичинде зыян жыттарды чыгарган баллондор, тактап айтканда, "перцовый баллон", тешүүчү жана кесүүчү предметтер, электр үн чыгаргыч мылтыктар жана башка коркунучтуу каражаттардан алыс кылып, тыкыр көзөмөлгө алууну суранабыз.

Бүгүн, 27-февралда Бишкектеги мектептердин биринде окуучулардын  биринин чөнтөгүнөн "перцовый баллон" түшүп, ал бөлмөгө чачылган окуя катталды.

Мектеп жетекчилиги тез жардам кызматын чакырып, эки бала ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери келип, тыюу салынган буюмду алып келген ата-энелерге жана балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Урматтуу ата-энелер! Дагы бир жолу сиздерден балдарыңыздын мектеп баштыктары  менен чөнтөктөрүнүн ичиндегилерди кылдаттык менен текшерип, көзөмөлгө алып, кооптуу нерселерди сактоонун жана колдонуунун кесепеттерин түшүндүрүп, алардын жүрүм-турумуна көз салууну суранабыз.

Мыйзам бузуулар кайталанган учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.