Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын уюштуруу жана башкаруу
Бүгүн, 2025-жылдын 22-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти борбор калаанын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн «Мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу жана башкаруу» деген темада семинар өткөрдү.
Семинардын максаты – бала бакчалардын директорлорунун ишинин сапатын жогорулатуу, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, иштин номенклатурасына коюлган талаптар менен тааныштыруу.
Иш-чарага 115 адам катышты. Семинардын модераторунун ролун билим берүү департаментинин башкы адиси Ч.Н.Майтикова аткарды.
Кыргыз Республикасынын Мектепке чейинки жана башталгыч класстарга билим берүү институтунун «Мектепке чейинки жана башталгыч класстарга билим берүү» кафедрасынын ага окутуучусу Айгуль Камалова зордук-зомбулуктун түрлөрү жана анын алдын алуу тууралуу айтып берди.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору иш номенклатурасын жүргүзүү, тамактанууну уюштуруу, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менюсун түзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
22.01.2025