Борбор калаадагы билим берүү уюмдарынын арасында “Эң мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети” сынагы өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында “Мыкты Кыргыз тили жана адабияты класстык кабинети” наамына сынак өткөрдү. Сынакка райондук этаптарда 1-орунду алган билим берүү мекемелери катышты.

Сынактын калыстар тобун КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Зинат Кадырова жетектеди.

Төмөнкү билим берүү уюмдары эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү:

I орун - №68 мектеп;
II орун - №51 мектеп;
III орун - №55 мектеп.
Мектепке чейинки мекемелердин арасында:

I орун - №113 бала бакча,
II орун - No91 бала бакча.
Сынактын жеңүүчүлөрү үстүбүздөгү жылдын декабрь айында өтө турган үч айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасында грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышат.

09.10.2024