Борбор калаада билим берүү мекемелеринде пландалган бардык оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында окуу процессине даярдык көрүү максатында бардык пландаштырылган билим берүү объектилеринде ар кандай татаалдыктагы жана деңгээлдеги оңдоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, бардык оңдоо иштери Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, борбор калаанын муниципалитети дагы бир нече билим берүү объектилерин оңдоого кошумча каражат тартты.

Оңдоо иштерине кошумча каражаттар табылгандыктан, жаңы титулдук тизме боюнча учурда окуу процессине тоскоол болбогон мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө оңдоо иштери төмөнкү объектилерде №51, 171, 135, 61 бала бакчаларында, ошондой эле №34, 55, 60  Орок жана Новопавловка мектептеринде жүргүзүлүүдө.

Окуу процесси борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин көзөмөлүндө. Айрым бала бакчалар жана мектептер оңдоого жабылгандыктан, балдарды жакынкы билим берүү мекемелерине бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү.

05.09.2024