Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы: Новопавловка мектеп-гимназиясынын кошумча имаратынын ачылышы болду

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча социалдык объектилер, өнөр жай ишканалары ачылды. Видеоконференция аркылуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарында бир убакта бардык объектилерди ишке киргизүүгө старт берди.

Ошентип, бул иш-чаранын алкагында Новопавловка гимназия мектебине кошумча имараттын расмий ачылышы болду.

Салтанатка КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев жана шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Белгилей кетсек, Новопавловка орто мектеп-гимназиясынын кошумча окуу корпусу 500 орунга ылайыкталган.  

Кошумча имаратта 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар кыргыз жана орус тилдеринде эки нөөмөт менен окутулат.

Маалымат үчүн: Новопавловка орто мектеп-гимназиясы 1978-жылы пайдаланууга берилген, долбоордук кубаттуулугу 900 орундуу. 2023-2024-окуу жылында мектептеги балдардын саны 4114 баланы түзгөн.

02.09.2024