Көңүл буруңуз! №59 бала бакчага электрондук каттоо ачылды

Бишкек шаарында №59 мектепке чейинки билим берүү мекемесине балдарды электрондук каттоо ачылды.                                          

Белгилей кетсек, №59 бала бакчасында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле балдар этно-STEM жана STEM багыттары боюнча билим алышат, бул алардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылат.

Урматтуу шаардыктар! Балдарды  кабыл алуу үчүн онлайн-арыз берүү үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу өтүү зарыл: https://mektep.edu.gov.kg/.

22.08.2024