Жакшыртуу үчүн: “Бишкек-мектеп-бала бакча” Telegram каналы ачылды

Ата-энелер коомчулугу менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү депариаменти Telegram мессенжеринде канал ачты.

Ошентип, борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар тууралуу суроосу бар ата-эне телеграмдагы издөө системасына “Бишкек-мектеп-бала бакча” деп кирип, андан соң каналга кирип, суроо берсе болот.

Бул баарлашууда борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук Билим берүү башкармалыктардын адистери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кеп-кеңештерин беришет.

Белгилей кетсек, борбор калаада 121 мектеп жана 111 бала бакча бар.

https://t.me/obrazovanie312

07.08.2024