Билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылынын башталышына даярдоо

Билим берүү уюмдарын 2024-2025-окуу жылынын башталышына даярдоо боюнча комиссия 30-июлдан 2-августка чейин Бишкек шаарындагы мектептери менен бала бакчалардын ишин текшерүүгө алды.                                                                                                            

Ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, муниципалдык администрациялардын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн максаты билим берүү мекемелеринин курулушунун, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө болуп саналат.                                                                                                                                                                                              

Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттар жана курулуштар текшерилип, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, окуу жайларынын жана башка инфраструктуралык объектилердин абалы бааланды.

Коопсуздукка, санитарияга жана окуу материалдарынын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен комиссия көпчүлүк билим берүү мекемелеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилеп, ошону менен бирге окуу жылы башталганга чейин четтетилүүгө тийиш болгон айрым кемчиликтерди да аныктады. Белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине конкреттүү сунуштар жана тапшырмалар берилди.

05.08.2024