Борбордогу мектептердин директорлоруна ведомстволор аралык жыйын өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 27-июнунда №24 мектепте борбор калаанын мектептеринин директорлору үчүн ведомстволор аралык жыйын болуп өттү. Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, УКМКнын өкүлү, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү бөлүмүнүн тергөөчүсү  жана борбордун мектептеринин директорлору катышышты.   

 Жыйындын жыйынтыгы боюнча мектеп директорлоруна төмөнкүдөй тапшырмалар айтылды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Акча каражаттарына тыюу салуу жөнүндө” Жарлыгын милдетүү түрдө аткарууга, ошондой эле мектепке кабыл алууда мыйзамсыз аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эске алуу;
- ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана балдарды кичи участкаларга бекитилип берилген мектептерге которууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүгө;
- райондук билим берүү башкармалыктарга керектүү оңдоо жана башка материалдарды сатып алуу үчүн жолдомолорду өз убагында берүүгө;
- окуу жылынын башталышынан баштап окуу убактысынын өзгөрүшү боюнча мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

28.06.2024