Борбор калаадагы бала бакчалардын директорлоруна ведомстволор аралык жыйын өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 27-июнунда No24 мектепте шаардык бала бакчалардын директорлору үчүн ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, УКМКнын өкүлү, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү бөлүмүнүн тергөөчүсү  жана бала бакчалардын директорлору катышышты.    
Жыйындын жыйынтыгы боюнча бала бакчалардын  директорлоруна төмөнкүлөр тапшырылды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Акча каражаттарына тыюу салуу жөнүндө» Жарлыгын милдеттү түрдө аткарууга, ошондой эле бала бакчага кабыл алууда мыйзамсыз аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эске алуу;
- райондук билим берүү башкармалыктарына керектүү оңдоолорду жана башка материалдарды сатып алуу үчүн жолдомолорун өз убагында берүүгө.

Мындан тышкары, жетекчилерге мектепке чейинки билим берүү уюмунун директорлук кызматына алдыдагы сынакка кантип даярдануу боюнча сунуштар берилди.

 

28.06.2024