Мектеп лагерлери ишин аяктоодо

Бишкек шаарында мектеп лагерлери ишин аяктап жатат.

Алсак, Ленин районунун аймагында  №7, 40, 42, 79, 80, 97, 102 мектептердин базасында 1090 баланы камтыган 7 мектеп лагери уюштурулган.

Биринчи май районунда №27, 49, 69, 101, 86, 99 мектептерде 6 лагерь уюштурулуп, 1000 бала камтылган.

Октябрь району боюнча №3, 14, 56, 64, 88, 91 мектептерде 6 лагерь уюштурулуп, 870 бала камтылган.

Свердлов районунун аймагында 12 мектепте: № 4, 10, 16, 21, 38, 45, 46, 52, 53, 66, 85, 87 мектепте лагерлер уюштурулуп, 1315 бала камтылган.

Эскерте кетсек, мектеп лагерлери 2024-жылдын 3-июнунан 28-июнуна чейин иштейт. Лагердеги балдардын коопсуздугу үчүн мектеп коопсуздук кызматы тарабынан балдар корголот.

27.06.2024