Борбор калаада окуу жылынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде окуу жылынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Иш-чарага коллегиянын бардык мүчөлөрү, ошондой эле райондук  Билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук жана милдеттер боюнча ата-энелерге такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. №8 мектептин администрациясынын иши көзөмөлгө алынды.

Жыйынтыгында «Алтын тамга» боюнча аз балл алган мектеп жетекчилерине чара көрүү тапшырмасы коюлду. Келечекте бул көрсөткүч 50% дан төмөн болгон бардык мектеп жетекчилерине таасирин тийгизет.

Ошондой эле, укук коргоо органдары менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, фармацевтикалык баңгичиликтин жана ден-соолукка зыян келтирүүчү башка адаттардын алдын алуу боюнча иш-чараларды улантуу тапшырылды.

27.06.2024