Борбор калаада мектептердеги билим берүү боюнча жыйын

Борбор калаанын муниципалитетинде мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында Бишкектин мектептериндеги билим берүү маселеси боюнча жыйын өттү.

Сабак сааттарынын башталышы боюнча маселелер, мектептердин кичи участоктору үчүн зоналарды өзгөртүү жана мектептердеги окуучулардын санын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык келтирүү маселелери талкууланды.

Борбор каалада функционалдык милдетин аткарып аткан:

- 198 жалпы билим берүү мекемелер (аын ичинде 103 муниципалдык жана 98 жеке менчик) 258 миң 129 окуучуну камтыйт (198 129 – муниципалдык жана 60 миң – жеке менчик);

- 129 профессионалдык билим берүү мекемеде (36 жогорку, 77 орто профессионалдык билим берүү мекеме жана 16 профессионалдык лицейлер) жалпы 167 миң 727 студент окуйт.

Азыркы учурда 103 муниципалдык мектептерде 198 миң 129 бала, проектик кубаттулугу 89 миң 893 орун бир сменада. Анын ичинен 198 129 окуучу 90 599 бала кичиучасткадан сырткары окуп билим алышат, 7 842 бала Бишкек шаарына Чүй облусунун жакынкы райондорунан келип окушат.

Бүгүнкү күндө 14 муниципалдык мектептерде окууту 3 сменада жүрүп атат, дагы 14 дө  окууту саат 7:30 да башталат, ага ылайык акыркы сабак саат 19:15 дө аяктайт. Себеп — мектептин толуп калуусу.

Белгилей кетсек, мектептерде каникул башталгандыгына байланыштуу каалада жол транспортук инфраструктурасы жеңилдеген.
Бул факторлорду эске алуу менен төмөнкүлөр сунушталат:

- мектептерде сабактарды эртен мененки  8-ден эрте баштоого шарт түзүп берүү, башталгыч, орто жана жогорку профессионалдык билим берүү мекемелеринде эртен мененки саат 10-дон эрте эмес баштоо. Тиешелүү чечимдердин долбоору иштелип чыккан;

- мектептердин кичи участкаларын карап чыгуу жана ата-энелер жашаган жери боюнча мектептерди тандоо укугуна ээ болушу үчүн үч мектепти чыныгы жашаган жерине бекитүү механизмин киргизүү;

- бир катар мектептердин толуп кетишин, ошондой эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жылдык санитардык эрежелерин эске алуу менен мектептердеги жүктөрдү түшүрүү иштери башталат жана окуучулардын санын шарттар жана уюштуруу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келтирүү жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн көлөмү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому) 1 окуучуга 2-2,5 м2 (бүгүнкү күндө болжол менен 0,96 м2).

13.06.2024