Балдардын STEAM технологиялык конкурсу

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында №62 мектепте  бала бакчанын тарбиялануучулары арасында илимий-практикалык чыгармачылыкты жана инновацияга кызыгууну жайылтууга багытталган STEAM технологиялары боюнча сынак   өттү.

Сынакка шаардык бала бакчалардын 6-7 жаштагы балдары катышты.

Мелдеш үч номинация боюнча өттү:
1-орун  " Робомышь "  - №71 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №49 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

"Лего Мастер":
1-орун - №64 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №35 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

«Мультфильм студиясы»:
1-орун - №18 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
2-орун - №4 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
3-орун - №61 мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.

Борбор калаада 96 муниципалдык бала бакча бар, алардын ичинен 12 бакчада  STEAM  активдүү өнүгүүдө.

30.05.2024