Борбор калаадагы 37 мектепте мектеп лагерлери ачылат

Бишкек шаарында 2024-жылдын 3-июнунан 28-июнуна чейин борбордун 37 мектебинде 4275 баланы камтыган мектеп лагерлери уюштурулат.

Эскерте кетсек, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт.

Кошумчалай кетсек, июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары берметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышат.

Ошондой эле шаарда балдардын чыгармачылык борборлору ачылып, каалоочулар ар кандай ийримдерге, секцияларга катыша алышат.

29.05.2024