Борбор калаада предметтик олимпиаданын жана илимий долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Бишкек шаарында предметтик олимпиаданын жана илимий долбоорлордун сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, окуучулар жана мектеп директорлору катышты.

Олимпиадада биринчи орунду 28 окуучу, экинчи орунду 29 окуучу, үчүнчү орунду 27 окуучу ээледи.

Изилдөө долбоорлорунун сынагында 11 багыт, 8 номинация болуп, 141 окуучу жеңүүчү болду.

Белгилей кетсек, баарына ардак грамоталар жана окуу-усулдук каражаттар тапшырылды.

Командалык мелдеште 1-орунга №9 ОТК МГ ээ болуп, ноутбукка сетификат, 2-орунга №20 ОТК МГ ээ болуп,   принтерге сертификат алышты. Ал эми №65, 69, 24, 39 мектептери үчүнчү жана төртүнчү орунга  ээ болушту. Аларга принтер алууга сертификаттар тапшырылды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына концерттик программа уюштурулду.

 

17.05.2024