Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу борбор калаанын 26 мектеби онлайн окутууга өтөт.

18-майдан 20-майга чейин Ленин районунун №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96 мектептери аралыктан окушат.

22-24-майга чейин Биринчи май районунун № 6, 24, 27, 28, 69, 83 мектептери.

Свердлов районунда 18-майдан 20-майга чейин №1, 4, 38, 65, 66, 94 мектептерде, ал эми Октябрь районунда 22-майдан 24-майга чейин № 3, 39, 62, 63, 64, 88 мектептерде онлайн окутуу жүргүзүлөт.