№23 мектеп гимназиясы баскетбол боюнча «Мектеп лигасы» турниринин жеңүүчүсү болду

Ысык-Көлдө 10-14-май күндөрү баскетбол боюнча республикалык “Мектеп лигасы” турнири өттү.

Турнирге 9 команда (облустардан 7 команда жана Ош жана Бишкек шаарларынан 2 команда) катышты.

Жыйынтыгында турнирдин жеңүүчүлөрү болуп И.В. Гёте атындагы №23 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын баскетбол командасы аныкталды.

 

16.05.2024